• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине жаңы директор дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Алмазбек Примов министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР онституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Примов Алмазбек Абдыакимович министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигин Канатбек Тургунбеков жетектеп келген.

Пикир

Оставить комментарий