• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин алдындагы сот реформасы боюнча Кеңештин кезектеги отуруму болду

Коом 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот реформасы боюнча Кеңештин 10-отуруму болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Отурумду Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин тапшыруусу боюнча анын аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов ачты.

Фарид Ниязов Кеңештин кароосуна бир катар мыйзам долбоорлору киргизилгенин белгиледи. Алгачкы эки долбоор судьялардын кызматына талапкерлерди тандоо процедурасын өркүндөтүүгө багытталган. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан даярдалган. Мыйзам долбооролору менен «Республика - Ата Журт» парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов тааныштырды.

Жоболору судьялык кызматка талапкерлерди сапаттуураак окутууга көмөк болуучу 2 мыйзам долбоорлору менен Сот реформасы боюнча Кеңештин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров тааныштырды.

Ошондой эле, Сот реформасы боюнча Кеңештин отурумунун жүрүшүндө эксперттик иш тобу тарабынан даярдалган 3 мыйзам долбоорлору жөнүндө маалымат берилди. Алар Судьялар кеңешинин алдында Тартип комиссиясын түзүү боюнча жаңы конституциялык ченемдерди жүзөгө ашырууну көздөшөт.

Президенттин Аппаратынын Жетекчиси мыйзам долбоорлору менен тааныштырып жана алар боюнча сунуштарды жана сын пикирлерди айткандары үчүн отурумдун катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө бүгүн талкууланган мыйзам долбооролру толукталып иштелип чыккандан кийин ушул жылдын март айынын биринчи жарымында боло турган Сот реформасы боюнча Кеңештин отурумунун кароосуна киргизиле турганы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий