• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты

Коом 0

Бишкек, 09.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбеков кыргызстандык Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты.

“Бир катар чет элдик маалымат каражаттарында кыргызстандык жаз музыканты Викрам Рузахуновду Казакстанга митингдерге катышуу үчүн келген делген маалыматтары бизди тынчсыздандырууда.

Азыркы оор кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзөт деп ишенебиз.
Учурда эки мамлекеттин Тышкы иштер министрликтери жана Ички иштер министрлиги аркылуу Викрам Рузахуновдун кармалышынын жагдайын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат”, - деди президенттин басма сөз катчысы.

Мурдараак, Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан.

Кыргызстанда видеодогу адам таанылып, ал КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталды. Ал пианист, аранжировкачы жана «Джаз_Бишкек_Весна» фестивалынын аткаруучу директору болгон.

Туугандарынын маалыматы боюнча, кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган.

Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткен.

"Аэропортко аны энеси Кундузхан Розахунова менен Кундузхандын небереси Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштеген Аскат Сериков коштоп барган. Алар Казахстанда эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестифалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен", - деп белгилешти министрликтен.

Азыркы учурда КР Ички иштер министрлиги тарабынан аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий