• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышынын жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.01.22. /Кабар/. Викрам Рузахуновдун кармалышынын жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мурдараак, Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан.

Кыргызстанда видеодогу адам таанылып, ал КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталды. Ал пианист, аранжировкачы жана «Джаз_Бишкек_Весна» фестивалынын аткаруучу директору болгон.

Туугандарынын маалыматы боюнча, кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткен.

"Аэропортко аны энеси Кундузхан Розахунова менен Кундузхандын небереси Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштеген Аскат Сериков коштоп барган. Алар Казахстанда эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестифалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен", - деп белгилешти министрликтен.

Азыркы учурда, КР Ички иштер министрлиги тарабынан аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө.

“Ошондой эле биздин өлкөгө чыгып жана кетип жаткан жарандардын баары Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан толук көзөмөлдөнүп жаткандыгын билдиребиз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий