• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин кубогу. Бишкекте балдар арасында шахмат боюнча мелдеш башталды

Спорт 0

Бишкек, 07.11.21. /Кабар/ Бүгүн, 7-ноябрда Бишкек шаарында 6 жаштан 14 жашка чейинки кыздар жана балдар арасында шахмат боюнча КР президентинин кубогу үчүн мелдеш башталды. Бул тууралуу Шахмат федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште Кыргызстандын бардык аймагынан жалпы 350 катышуучу күч сынашат.

Мелдеш Бишкектеги “Газпром Кыргызстан” мектебинде өтүп жатат. Медалдар 6, 8, 10, 12, 14 жаш курактагылар арасында ойнотулат. Турнир швейцариялык системанын негизинде 7 тур боюнча өткөрүлөт.

Оюндар 14-ноябрда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий