• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Примов ЖККУга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин комитет төрагаларынын жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 7-февралда Москва шаарында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча комитет төрагаларынын үчүнчү жыйынына катышты.

Сүйлөгөн сөзүндө Улан Примов ЖККУга мүчө-мамлекеттердеги коргоо жана коопсуздук жаатындагы кырдаалга, аймактагы туруктуулукка жана коопсуздукка таасирин тийгизип жаткан глобалдык процесстерге, атап айтканда, Ооганстандагы аскердик-саясий абалга көңүл бурду.

«Ага ылайык, биз ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерине адекваттуу жооп кайтарууга даяр болушубуз керек», - деген эл өкүлү эл аралык коопсуздуктун натыйжалуу системасын куруу зарылдыгын кошумчалады.

Андан тышкары, Улан Примов ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын артыкчылыктуу милдеттерине токтолуп, кесиптештерин бул аянтчаны актуалдуу маселелерди биргелешип чечүү үчүн колдонууга чакырды.

«Кыргыз Республикасы эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо кызыкчылыгында мындан аркы жемиштүү кызматташууга толук даяр экендигин билдирет», - деп жыйынтыктады комитет төрагасы.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев да катышты.

Пикир

Оставить комментарий