• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку сотто жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 7-февралда Жогорку сотто жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу ант берүү аземине төрага Замирбек Базарбеков, ошондой эле судьялар катышты.

КР президентинин жарлыгы менен төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Баткен облусу

Баткен облустук соту

Апышев Алмазбек Апышевич (курагынын чегине жеткенге чейин).

– Ош облусу:

Ош облустук соту

Джаналиева Миргуль Джаныкеевна (курагынын чегине жеткенге чейин).

Кара-Суу райондук соту

Кемелова Жылдыз Дуйшенбековна (курагынын чегине жеткенге чейин).

– Чүй облусу

Чүй облустук соту:

Абдиева Тынара Курмантаевна (курагынын чегине жеткенге чейин).

Абдырашитов Тилек Арстанбекович (курагынын чегине жеткенге чейин).

– Ысык-Көл облусу:

Ысык-Көл облустук соту

Кокшенова Сымбат Темирбековна (беш жылдык мөөнөткө).

Ысык-Көл облусунун административдик соту

Абдыкадырова Зарина Омаровна (курагынын чегине жеткенге чейин).

– Бишкек шаары

Ленин райондук соту

Аттокуров Жолдошбек Абдрахманович (курагынын чегине жеткенге чейин).

Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын шайланган же дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.

Пикир

Оставить комментарий