• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке Таалайбек Алыбаевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 7-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Элдик курултай тарабынан шайланган жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына сунушталган Алыбаев Таалайбек Жуманазаровичтин талапкерлиги каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев талапкер тууралуу учкай маалымат берди. Анын айтымында, Таалайбек Алыбаев Элдик курултай тарабынан шайланып, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына сунушталууда.

Эске салсак, Т.Алыбаевдин талапкерлиги 6-февралдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында каралып, жактырылган.

Пикир

Оставить комментарий