• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пробациянын кардарлары Covid-19 менен күрөшүүгө катышууда – Юстиция министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Covid-19 коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти тарабынан Улуттук госпиталдын аймагы пробациянын кардарлары тарабынан коомдук иштерди жүзөгө ашыруу үчүн объект катары аныкталды.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Пробациянын кардары бардык зарыл санитардык ченемдерди сактоо менен Улуттук госпиталдын аймактарын тазалоо боюнча ишке тартылды.

Мыйзамдарга ылайык, коомдук иштер соттун өкүмү менен анча оор эмес кылмыштар үчүн жаза катары дайындалаарын белгилей кетүү керек.

Мындан тышкары, пробациянын кардарларын кайра социалдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, эки кардар 2020-жылдын 16-июлунан тартып госпиталдын кычкылтек менен камсыз кылган бригаданын жумушчусу катары ишке орношушту. Алты кардар, санитар катары иштей баштады.

Иштөөгө каалоосун билдирген пробациянын ар бир кардары менен Саламаттык сактоо министрлиги келишим түзөт.

Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин кызматкерлери тарабынан пробациянын кардарлары аткарган ишине талаптагыдай контролдоо жүзөгө ашырылат.

Ошондой эле, мыйзам алдында жооп бере тургандардын арасында дагы мындай оор мезгилде өз өлкөсүнө жардам берүүнү каалагандар да болду. Алсак, бир пробациянын кардарынын күч-аракети менен он күндүн ичинде кызыл зонада турган 150 медициналык персонал үчүн ысык тамак уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий