• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жарандар COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты кантип ала алышат?

COVID - 19 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Жарандар үйдөн чыкпастан эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты “COVID-19га каршы эмдөө тууралуу сертификат" ("Сертификат о вакцинации против COVID-19") онлайн сервисинен ала алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул санариптик сервис менен жарандарга сертификат онлайн түрдө жана үч тилде (кыргыз, орус жана англис тилдеринде), сүрөтү, паспортунун маалыматы жана эмдөө жөнүндө маалымат менен жеткиликтүү болот. «Ал үчүн Калкты тейлөө боборунан санариптик булут кол тамгасын алып, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына катталып, сертификатты алуу керек»,-дейт Жангазиев.

Ошондой эле, министрдин орун басары аталган сервис vc.emed.gov.kg расмий сайтында дагы ишке киргизилгенин жана ал жарандыгына карабастан Кыргызстандын бардык аймагында эмдөөдөн өткөн жарандарга жеткиликтүү экенин билдирди.

"2021-жылдын 6-августуна карата, эмдөө сертификатын 32 миңден ашык адам алган. Андан сырткары, «Нуртелеком» жана «SkyMobile» мобилдик операторлору менен биргеликте мобилдик капчыктын идентификацияланган колдонуучулары үчүн сертификат алуу сервиси ишке киргизилген. Ушул эле сервис жакынкы күндөрү «АльфаТелеком» мобилдик операторунда иштеп баштайт",-деди ал.

Белгилей кетсек, «Кырызстан – жашыл аймак» улуттук демилгесинин алкагында мобилдик операторлор эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификат алган жарандарга мобилдик интернет пакетин белек кылышууда.

Пикир

Оставить комментарий