• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Прокуратура: Социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө жер тилкелери берилди

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Прокуратуранын кийлигишүүсү менен Ысык-Көл районунда жашаган социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, ата-энеси жок, камкордуксуз калган балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге турак жай жана жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.

Аталган категориядагы адамдардын укуктарын коргоо максатында, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Тамчы айыл өкмөтүнө мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө прокурордук чара көрүү актысы киргизилген.

Прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен көрсөтүлгөн айыл өкмөттүн аймагынан жашы жете элек 3 балалуу, мүмкүнчүлүгү чектелген И.А. аттуу жаранга 0,12 га жер тилкеси, ошондой эле аз камсыз болгон жарым жетим Ж.Б. аттуу жаранга 0,10 га жер тилкеси турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий