• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Реалдуу режимде окутууда колледждер кандай коопсуздук чараларын көрүүсү зарыл? Жооп

Билим 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. КР Билим берүү жана министрлиги иштеп чыккан алгоритмге ылайык салттуу форматта окутууну уюштуруу учурунда колледждер окуу жайда бир учурда минималдуу сандагы студенттердин болуусу үчүн окуу сабактарынын ийкемдүү ырааттамасын түзүүгө милдеттүү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, окождун тандоосу боюнча студенттик контингентти сабакка келүүнүн аныкталган күндөрүн белгилөө менен 2-3 нөөмөткө бөлүүгө жол берилет.

Окуу жайларга чоң группаларды бир аудиторияда социалдык аралыкты сактоо шартында 15-20 студенттен ашпагандай кылып бөлүштүрүүнү алдын ала караштыруу сунушталат.

Колледждер танапис учурунда студенттердин баарлашуусун минималдаштыруу боюнча чараларды көрүүсү, коридорлордо, имаратка кире бериш жерде жана аудиторияларда студенттердин топтолуусуна жол бербеши керек, студенттердин арасында массалык иш-чараларды өткөрбөөсү зарыл.

Окуу жайлар авиа каттамдар калыбына келбеген же “чек аралар ачылбаган” чет өлкөлөрдүн жарандары - студенттер үчүн окутууну барып келүүдөгү чектөөлөр алынганга чейин аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен алыстан режиминде уюштурушу зарыл.

Чет өлкөлөрдүн жарандары - студенттерге окуу процессине катышууга “COVID-19га” текшерүүнүн натыйжасы болгон учурда гана уруксат берилет.

Пикир

Оставить комментарий