• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Республикалык бюджеттин 2018-жылдагы аткарылышынын жыйынтыктары каралды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Өкмөттүн жыйынында республикалык бюджеттин 2018-жылдагы аткарылышынын жыйынтыктары каралды.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева баяндама жасады.

«Өткөн жылы республикалык бюджет, жыйынды кирешелердин 135 506,4 млн сом жана жыйынды чыгымдардын 141 960,2 млн сом натыйжасында 6 453,8 млн сом суммасындагы дефицит менен аткарылган. 2018-жылы республикалык бюджетке жыйынды кирешелер 141 533,3 млн сом пландык көрсөткүчтө 135 506,4 млн сом келип түшкөн. План 95,7% аткарылган», – деди ал.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, республикалык бюджетке салыктык кирешелерден бюджетке 103 736,9 млн сом түштү, план боюнча 107 933,1 млн сом болгон.

«Ошол эле учурда белгилей кетсек, 2017-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу салык кирешелеринин түшүүлөрү 13,4% же 12,3 млрд сомго өскөн. Бажылык төлөм жана бажылык салыктын түшүүлөрүнүн планы аткарылбагандыгынын негизги себептеринин бири, ЕАЭБ дин мүчө-мамлекеттерине үчүнчү мамлекеттерден келип түшкөн импорттун көлөмүнүн азайуусу таасир кылган, ЕАЭБдин өлкөлөрүнөн ташып келүүдөгү бажы алымдарынын түшпөй калуусу 1,5 млрд сомду түздү», – деп билдирди Бактыгүл Жээнбаева.

Финансы министри ошондой эле 2018-жылдагы республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн жалпы көлөмү 141 960,2 млн сомду түзгөнүн айтып өттү.

«2017-жылга салыштырмалуу, республикалык бюджет 10 130,2 млн сомго, же болбосо 6,7%га азайган. Бул көрсөткүч, мамлекеттик инвестициялык программасы боюнча чыгымдары 7 861,4 млн сомго, атайын каражаттардын чыгымы – 1 194,1 млн сомго жана финансалык эмес активдерди сатып алуу учун 4 345,8 млн сомго азайуусу менен болгондугу белгиленет. Корголгон беренелери боюнча, бюджеттик мекемелерден жөнөтүлгөн табыштамалар толук канааттандырылган. Республикалык бюджеттин Мамлекеттик инвестициялар программасынын каражаттарынын бюджетин аткаруу 2018-жыл боюнча 14 824,7 млн сомду түздү, 19 633,4 млн сом суммасындагы такталган план 75,5%га аткарылды», – деди баяндамачы.

Ошону менен бирге Бактыгүл Жээнбаева билдиргендей, 2018-жылдын 31-декабрына мамлекеттик сырткы жана ички карыздын көлөмү – 4 464,4 млн АКШ доллары же 311 834,67 млн сом түзгөн.

«2018-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 23 747,7 сом жумшалган, анын ичинен пайыздарды төлөөгө – 7 082,8 млн сом (сырткы карыздын пайызы-3 697,3 млн. сом болсо, ички карыздын пайызын төлөө үчүн 3 385,5 млн сом түзгөн. Негизги төлөмдүн суммасы – 16 664,9 млн сом, анын ичинен сырткы карыздын негизги суммасы – 8 245,5 млн сом, ички карыздын негизги суммасы – 8 419,4 млн сомду түзгөн», – деп билдирди финансы министри Бактыгүл Жээнбаева.

Пикир

Оставить комментарий