• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Республикалык "Жоокер ыры" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-мартта Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинде “Жоокер ыры” аталышындагы республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө диплом жана баалуу белектер тапшырылды. Иш-чаранын финалдык этабында чоң программадыгы концерт уюштурулуп, сынактын катышуучуларына ыраазычылык айтылды.

Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып келген 14 жаштан 18 жашка чейинки мектеп окуучулары үч номинация (“Аскер жылдарындагы ырлар, “Мекенчиликдик ырлары”, “Көркөм окуу”) боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чара Коргоо министрлиги тарабынан уюштурулуп, Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий