• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

РКӨФ 15 млрд сомдон ашык каражатка долбоорлорду каржылоону жактырды

Экономика 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Чакан, орто жана ири ишкерликти каржылоо аркылуу Кыргызстандын экономикасына 15 млрд сомдон ашык салынган. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 19 айда РКӨФ тарабынан жана өнөктөш-банктар аркылуу суммасы 221,6 млн долларлык 690 долбоор жактырылган. Бул сомго айлантканда 15 миллиарддан ашык. Алардын ичинен 27 долбоор 120,5 млн долларга түз жана 663 чакан жана орто ишкерлик долбоордору 101,1 млн долларга каржыланган.

Каржылоо лидерлери:

  • Агро өнөр жай комплекси (бардык каржыланган долбоорлордун 1/3) – айыл чарба, тамак-аш кайра иштетүү, өсүмдү өстүрүү жана мал чарбачылыгы;
  • транспорт жана логистика;
  • кайра өндүрүү өнөр жайы – желим, дарак, резини, темир жана башка материалдарды кайра иштетүү;
  • инфратүзүмдүк долбоорлор.

Анын ичинде КРнын стратегиялык объектилерине киргизилген ишканалар каржыланган, алсак, “Кошой” ААК жана “Кайыңды Кант” ААК кум шекер заводдору, “Манас” эл аралык аэропорту ААК жана «Текстиль Транс».

Долбоорлордун саны жана көлөмүн каржылоо жаңы продуктуларды жана КРда жеңилдетилген насыя алуучу, 330 банктык инфратүзүмдөрдү ишке киргизүү аркылуу мүмкүн болду.

Өнүктүрүү фонду ишкерлерди кызматташууга жана РКӨФ өнөктөш банктары аркылуу жеңилдиктерди алууга чакырат. Алар: «РСК банк», KICB, «Айыл Банк», «Халык Банк», «Коммерческий банк Кыргызстан», «Банк Азии», «Банк Компаньон», «БТА Банк», «Капитал Банк», «Росинбанк» и «Бакай Банк».

Пикир

Оставить комментарий