• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Роналду "Ювентуска" өттү

Спорт 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. "Реал Мадрид" Криштиану Роналдунун "Ювентуска"өткөнүн официалдуу түрдө тастыктады. Трансфердин суммасы айтыла элек, бирок буга чейин италиялык басылмалар аны 100-105 миллион евро деп баалашкан.

33 жаштагы футболчу "Манчестер Юнайтедден" "Реалга" 2009-жылы 93 миллион еврого өткөн. Испаниялык клубда Роналду 15 трофей жеңип алган. 4 жолу Чемпиондор лигасын утуп, эки ирет Испания чемпионатын, 2 жолу Испаниянын кубогун, эки жолу Испаниянын суперкубогун, эки жолу УЕФАнын суперкубогун, 3 ирет дүйнөнүн клубдук чемпионатын жеңип алган

Жалпысынан Роналду "Реалда" 438 оюнда ойноп, 450 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий