• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Роналду Португалиянын курамындагы жүзүнчү жеңишин камсыздады

Спорт 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Футбол боюнча Португалиянын курамасы жолдоштук беттеште Андорранын командасын 7:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Интерфакс басылмасы жазып чыкты.

Бул жеңиш Роналдунун Португалиянын курамасында жеңген жүзүнчү беттеши болду. Оюнда Роналду бир гол киргизгенге жетишти. Португалиялык оюнчу улуттук кураманын катарында жалпы 102 гол жараткан.

Пикир

Оставить комментарий