• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өнөктөш банктардын тизмесин кеңейтет

Экономика 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. Бишкекте Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Росинбанк” ААКтын ортосунда кредиттик келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Фонд өнөктөш банкттардын тизмесин кеңейтип жатат, бул Кыргызстанда чакан жана орто бизнести активдүү өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Фонддун каражаты жабдыктарды, техникаларды алуу жана жаңылоо, аларды реконструкциялоо жана модернизациялоо, андан тышкары технологияларды сатып алууга багытталат. Колдоонун артыкчылыктуу тармагы – агроөнөр жай комплекстери, тигүү, текстил, кайра иштетүү, тоо-кен казуу жана металлургия өнөр жайы, туризм, медицина жана траспорт инфраструктурасы.

Пикир

Оставить комментарий