• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россия Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөргө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтөт

Коом 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Россия Кыргызстанга 8 млн долларга гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Элчиликтен билдиришкендей, 8 млн долларга жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн 9 миң тоннадан ашык азык-түлүк сатып алынган.

Сатып алынган азык-түлүк – ун менен өсүмдүк майы эртең, 25-ноябрь күнү кыргыз тарапка өткөрүлүп берип, андан кийин ал аймактарга бөлүштүрүлөт. Бул долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылууда.

“Россия Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча долбоорлорду, анын ичинде башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу долбоорун каржылоону улантат”, - деп билдирет элчилик.

Пикир

Оставить комментарий