• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россияда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 2 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Россияда COVID-19 илдетин бир суткада 500 адам жуктурду. Алардын жалпы саны 2 миң 337ге жеткенин ТАСС агенттиги ыкчам штабдын маалыматына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Россияда 121 адам коронавирустан айыккан жана 17 жаран көз жумган.

"Бүгүнкү күндө Россиянын 73 регионунда илдетти жуктурган 2 миң 337 учур катталды. Бир суткада 55 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми жалпы ооруканадан 121 адам чыгарылган. Ошондой эле бир күндө өпкөнү сезгенткен оорудан 8 адам каза болду. Алардын жалпы саны 17ге жетти", - деп айтылат ыкчам штабдын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий