• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россияда коронавирустан жалпы 9 адам айыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Россияда коронавирусту жуктурган дагы төрт адам айыкканын РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, илдеттен жалпы 9 адам айыкты.

Россияда коронавирусту 199 адам жуктурган. Ал эми дүйнөдө өпкөнү сезгенткен дарт менен 210 миң адам ооруйт.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алтыга жетти.

Пикир

Оставить комментарий