• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россияда жол кырсыгынан кыргызстандык каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Россиянын Ленинград облусунун Тосненск районунда 20-декабрь күнү эртең менен Кыргызстандын жараны Mercedes-Benz унаасында саатына 50 чакырым ылдамдыкта келе жатып, жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Россия ЖМКлары кабарлагандай, кырсыктын себеби – каар жаап, жол тайгак болуп, айдоочу рулду башкара албай калган.

Белгилүү болгондой, 42 жаштагы кыргызстандык жаран кырсык болгон жерде көз жумган.

Маркумдун денеси Тосно шаарынын моргуна жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий