• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамветинспекция 2019-жылы ветаптекаларда сатылган антибиотиктерди көзөмөлгө алат

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы 2019-жылы ветаптекаларда сатылган антибиотиктерди көзөмөлгө алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган инспекциянын директору Калысбек Жумаканов кабарлады.

Анын айтуусунда, учурда ветеринардык дарыканалардын ишин иретке келтирүү боюнча чоң жумуш жүрүп, дүңүнөн эле саткан даарыканаларды калтыруу пландалууда.

“Ар бир райондо 1-2 эле дүңүнөн саткан даарыкана, ал эми шаарларда кампалар жана ташып келген компанияларды гана калтыруу пландалууда. Ветеринардык дары-дармектерди, өзгөчө биологиялык дарыларды тек гана ветеринар адистер сатып алып, эмдөөлөрдү жүргүзө алат. Бул кадам ветеринардык билими жок адам өз билемдикке салып малдарды даарылабоосу үчүн жасалууда”, - дейт Жумаканов.

Ал белгилегендей, жөнөкөй малчы антибиотиктерди кантип саюну билбейт.

“Кээ бир антибиотиктер бар, алар организмде 30 күнгө чейин сиңбей жүрө берет. Ошол себептен баардык дарылоону адистер гана жасоосу керек”, - деп белгиледи Жумаканов.

Пикир

Оставить комментарий