• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Манас» аэропорту: 2021-жылы учакта ташууга тыюу салынган 1699 курал табылган

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын Авиациялык коопсуздук кызматы тарабынан 2021-жыл ичинде аба кемесинде ташууга тыюу салынган, денеге оор жаракат келтирүүгө мүмкүн болгон (тешүүчү, кесүүчү) 1699 курал табылган жана алынган. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

«Манас» эл аралык аэропорту:

«Манас» аэропортунун кызматкерлери ээси белгисиз болгон 234 даана буюмду табышкан. Курамына спирт кошулган жана белгисиз болгон 184,1 литр суюктук, ошондой эле денеге оор жаракат келтирүүгө мүмкүн болгон (тешүүчү, кесүүчү) 117 буюм табылды. Бардык буюмдар кызматкерлер тарабынан алынган.

«Ош» эл аралык аэропорту:

«Ош» аэропортунан 4700 литр курамына спирт кошулган жана белгисиз болгон суюктук жана дененге оор жаракат келтирүүчү 1562 буюм табылган.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту:

«Ысык-Көл» аэропортунан тешип, кесүүгө боло турган 20 даана буюм табылып, кызматкерлер тарабынан алынган.

"Урматтуу жүргүнчүлөр, учактын бортунда ташууга тыюу салынган нерселердин тизмеси менен таанышып алыңыз. Маалымат төмөнкү шилтемеде", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий