• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россияда жол кырсыгынан Кыргызстандын жараны каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 26.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Россиянын Кемеров облусунун Березовский шаарында жол кырсыгынан 38 жаштагы Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча элчиликтин өкүлдөрү Березовский шаарынын Борбордук шаардык клиникалык ооруканасынын кезектеги дарыгери менен байланышкан. Ал кырсыктын кесепетинен айдоочу жана алты жүргүнчү жабыркаганын билдирди. Алардын баары ар кандай жарааттары менен ооруканага жаткырылышты.

Ошондой эле, каза болгон жарандын жана жабыркагандардын туугандарына кабарланып, алар окуя болгон жерге жана ооруканага келишкен.

Пикир

Оставить комментарий