• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиядагы элчилик жарандардын Кыргызстанга Казакстан аркылуу өтүү шарттары боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кыргызстандык жарандардын Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга келүү шарттары боюнча түшүндүрмө берди.

Элчиликтен белгилешкендей, учурда COVID-19га байланыштуу чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандык жарандар мекенине кайтуу үчүн Казакстандын аймагы аркылуу унаа менен өтө алышпайт.

Мекенине кайтууну каалаган жарандар Россиядан Кыргызстанга аба каттам аркылуу учуп келе алышат. Учурда Москвадан Бишкекке жумасына эки жолу аба каттам жасалууда.

Андан тышкары Бишкек менен Ош шаарларына Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут шаарларынан россиялык жана кыргыз авиакомпаниялардын чартердик каттамдары бар.

“Аталган каттамдарга билеттер эркин сатылууда. Билеттерди онлайн режиминде да сатып алууга болот”, - деп билдирет элчилик.

Россиянын аймагында каза болгон Кыргызстандын жарандарынын же Кыргызстандын тургундарынын сөөктөрүн “жүк-200” менен Казакстандын аймагы аркылуу тоскоолдуксуз алып өтүүгө болот. Бирок ал тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине алдын ала кабар берилип, жүктү коштоп кете турган адамдардын жана “жүк-200дүн” тиешелүү документтери көрсөтүлүш керек.

Россиядан Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен "жүк – 200дү" алып өтүүгө уруксат алууга байланышкан суроолор боюнча элчиликтин консулдук бөлүмүнүн 4992385069@mail.ru электрондук дарегине жазуу жүзүндө кайрылуу зарыл.

“Катуу ооруп жаткан жарандарды Россиядан Кыргызстанга Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик жол менен жеткирүү казак тараптын алдын-ала макулдугун талап кылат. Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен өтүү үчүн (ооруп жаткан адамдын абалынын оорлошунан сактануу максатында) атайын тез жардам унаасы жана коштоочу дарыгер болушу керек”, - деп билдирет элчилик.

Ооруп жаткан жарандарды Россиядан Кыргызстанга Казакстандын аймагы аркылуу алып өтүүнүн жол-жоболоруна байланышкан суроолор боюнча элчиликтин консулдук бөлүмүнүн 4992385069@mail.ru электрондук дарегине кат жүзүндө кайрылуу жөнөтүү керек.

Элчилик Кыргызстандын жарандарын Казакстандын аймагы аркылуу өтүүгө аракет кылбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий