• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием өттү

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Бишкектеги Ататүрк сейил багында Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, курман болгондорду эскерүүгө афган ардагерлери, интернационалист жоокерлердин туугандары, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, БШКнын депутаты Жаныбек Асанбеков, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси Игорь Довбня, Афган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин жетекчиси Кожобек Рыспаев, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев жана башкалар катышты.

Иш-чараны Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев ачты. Курман болгондорду эскерүү бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып, үч жолу залп менен ок атылды.

Митинг-реквием сейил бактагы эстеликке гүл коюу менен аяктады.

Маалымдама: Советтик аскерлердин чектелген контингенти Афганистанда 1979-жылы декабрда киргизилип, дээрлик 10 жылдан кийин, 1989-жылдын 15-февралында чыгарылып кеткен.

Афганистанда 620 миңге жакын офицерлер, прапорщиктер, сержанттар жана солдаттар кызмат өтөшсө, анын 546 миңи согуштук аракеттердин түздөн-түз катышуучулары болгон. Советтик Куралдуу Күчтөрдүн орду толгус адам жоготуулары менен коштолгон алардын саны 14453 адамды түздү.

Афган согушуна 7 миң 140 кыргызстандык катышып, алардын 252си согушта курман болсо, 1500ү ар кандай жараат менен кайткан, төртөө дайынсыз жоголгон.

Пикир

Оставить комментарий