• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги атайын оорукананын жандандыруу бөлүмү капиталдык оңдоодон өттү

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгына караштуу оорукананын жандандыруу бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Иш башкармалыктын жетекчи Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Анын айтымында, элибиздин ден соолугуна кам көрүү максатында өлкө башчы Садыр Жапаров бир нече тапшырмаларды койгон.

"Алардын бири президенттин Иш башкармалыгына караштуу оорукананын абалын жакшыртуу эле. Бүгүнкү күндө жандандыруу бөлүмүндө толугу менен каптилалдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, учурда жалпы профилдик бөлүмү оңдолууда. Мындан тышкары, оорукананын материалдык-техникалык базасын жаңыртуу иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий