• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө жайкы окуу мезгили башталды

Коом 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө жайкы окуу мезгили башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Коргоо министрлигинин бардык кошуундарында жана аскер бөлүктөрүндө жаңы окуу жылынын биринчи күнү башталды. Анда митингдер КР мамлекеттик туусун көтөрүү жана КР Гиминин аткаруу менен башталып, коомдук-мамлекеттик даярдык системасындагы сабактар өткөрүлө башталды. Күжүрмөн даярдыктын тактикалык-саптык сабактарынын жүрүшүндө аскер кызматчылары менен күжүрмөндүүлүктүн ар түрдүү даражаларына киргизүү тууралуу ыкчам жана тактикалык даярдыктар боюнча сабактар дагы уюштурулат.

Белгилей кетүүчү нерсе, жаңы окуу жылында жетекчилик тарабы башкы көңүлдү аскер кызматчыларынын күжүрмөндүүлүгүн көтөрүүгө байланышкан көндүмдөрүнө жана башкаруу органдарынын бардык баскычтарынын өз ара аракеттенишүүлөрүнө бурмакчы.

Пикир

Оставить комментарий