• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиядагы кичинекей кыргызстандыктар үчүн «Жомокторго саякат» аттуу балдар майрамы уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кечээ Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен кыргыз диапора уюмдарынын демилгеси боюнча «Жомокторго саякат» аттуу балдар майрамы болуп өттү.

КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Россияда эмгектенип жаткан кыргызстандыктардын балдары концерттик жана көңүл көтөрүүчү балдар оюндарына катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Россиядагы элчи Гүлнара-Клара Саматтын куттуктоо текстин элчиликтин өкүлү Назгүл Жусубакунова окуп берген.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө элчилик тарабынан балдарга таттуулар таратылды. Мындан сырткары, ушул жылдын 30-майында элчилик тарабынан балдар жана чоңдор арасында шахмат оюну уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий