• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиядагы кыргызстандык мигранттардын маселелери талкууланды – Бишкек-Екатеринбург телекөпүрөсү

Коом 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. "Кабар" агенттигинде "Свердлов облусу – Кыргызстан: Кыргыз жарандарынын Россия коомунун социалдык-маданий жашоосуна аралашуусу" аталышындагы телекөпүрө өтүп, анда Россиядагы кыргызстандык мигранттардын маселелери талкууланды.

Кыргызстандын "Пикир" аймактык эксперттер клубунун теңтөрагасы Игорь Шестаков билдиргендей, эмгек мигранттарынын маселеси Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусундагы негизги маселелердин бири болуп келет.

"Эмгек миграция маселеси Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусундагы негизги маселелердин бири болуп келүүдө. Себеби, биздин жарым миллиондой жараныбыз Россиянын аймактарында иштеп келет. Екатеринбургдун тандалып алынышынын себеби, ал жакка кыргызстандыктар 90-жылдардын аягында эле бара башташкан. Расмий маалыматтар боюнча, ал жакта 30 миңден ашык жараныбыз бар", - деди ал.

Шестаковдун айтымында, Россияда мыйзамдуу түрдө жумушка орношкон жарандары боюнча Кыргызстан экинчи орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий