• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиядагы жол кырсыгынан үч кыргызстандык каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Россиядагы жол кырсыгынан үч кыргызстандык каза болду, - деп билдирет Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 22-январында Челябинск-Троицк федералдык автожолунда жол кырсыгы болуп, натыйжада беш адам каза болгон.

Алдын ала маалыматка ылайык, КРнын мамлекеттик номери тагылган "Хонда" үлгүсүндөгү автоунаа карама-каршы тилкеге чыгып, КамАЗ менен сүзүшкөн. "Хонда" унаасы ичиндеги жүргүнчүлөрү менен Челябинск шаарынан Троицк шаарына баратканы кабарланды.

"Башкы консулдук Челябинск облусунун укук-коргоо органдары менен байланышып, маркумдардын өздүгүн тактады. Каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү Россиянын ӨКМ кызматкерлери тарабынан Троицк шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Кыргызстанга "жүк-200" жөнөтүү үчүн маркумдардын туугандары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Кырсыкка катаал аба ырайы себеп болушу мүмкүндүгү айтылды.

Пикир

Оставить комментарий