• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиядан чартердик каттам менен келген кош бойлуу аялдардын 40ы Баткенде обсервацияга алынды

Аймак 0

Бишкек, 30.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Россиядан чартердик каттам менен келген кош бойлуу аялдардын 40ы Баткенде обсервацияга алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова брифингде билдирди.

Анын айтымында, ал каттам менен Кыргызстанга учуп келген жарандардын 64ү Баткендин тургундары

"Алардын 40ы келип, облустук штабдын чечими менен обсервацияга алынды. Калган 24ү облуска келе жатат. Обсервацияда жаткандардан 4 күндөн кийин ПЧР тестти алынып, эгер таза чыкса үй карантинине жиберилет. Облуста обсервацияга алып жатканыбыздын себеби Россиядан келгендердин арасында илдетти жуктурган учурлар катталып жатат жана Россия өлкөсү коронавирус жуктургандардын саны жогору болгон өлкө", - дейт ал.

Саттарова чартердик каттамдар аркылуу Соль-Илецк, Оренбургдан келген жарандардын баары үй карантинге алынып жатканын айтат.

Эскерте кетсек, 26-май күнү Бишкекке Москвадан 393 кыргызстандык жаран (балдары менен 450) кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий