• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиядан КР жарандарын массалык депортациялоо фактысы катталган эмес - элчилик

Коом 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги Жогорку Кеңештин депутатынын КР жарандары РФнын аймагынан массалык түрдө чыгарылып жатат деген билдирүүсүнө байланыштуу төмөнкүнү маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Россиянын аймагында камактан бошотулган, ошондой эле алардын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген чет өлкөлүк адамдарды жана жарандыгы жок адамдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарын массалык түрдө депортациялоо жана чыгаруу фактысы катталган эмес.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 15-июнундагы Россия Федерациясынын президентинин №364 «Жаңы коронавирус (COVID-19) инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу РФдагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен 2021-жылдын 30-сентябрына чейин чет өлкөлүк адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга карата РФ аймагынан административдик чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынбайт.

КРнын РФдагы элчилигинин башкы консулдуктарынын жана канцелярияларынын маалыматы боюнча, июль айында жалпысынан Россиянын бардык региондору боюнча КРнын 18 жараны чыгарылган.

"Бүгүнкү күндө Москва облусунун Сахарово айылындагы Чет өлкөлүк адамдарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоочу борбордо (ЦВСИГ) КРнын 9 жараны кармалып турат. Алардын ичинен КРнын 5 жараны РФнын мыйзамдарына ылайык, 25-июлда жөнөтүлөрүн, калгандары август айынын башында жөнөтүлөрүн белгилейбиз (соттун чечими күчүнө киргенден кийин). Мындан тышкары, дагы бир жаран убактылуу баш калкалоо тууралуу чечим кабыл алынганга чейин кармалат",-деп айтылат элчиликтин маалыматында.

23-июлдагы абал боюнча 2021-жылдын 12-июлундагы “Кузьминки” метросунда болгон окуя боюнча Москва шаарынын Россиянын ИИМнин башкы башкармалыгы тарабынан административдик камакка алынган жарандарды кармоочу атайын жайда КРнын 65 жараны кармалып тургандыгын кошумча маалымдайбыз.

Ошону менен бирге, учурда Россиянын компетенттүү органдары тарабынан чет өлкөлүк жарандардын Москва шаарынан Кузьминки метросундагы массалык мушташына катыштыгы бар-жогун аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш чаралары улантылып жаткандыгын белгилейбиз.

Белгилүү болгондой, Россиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери РФнын аймагында укуктуу тартипти орнотуу жана коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат жана КРнын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий