• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиянын жараны КРден Өзбекстанга башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 26.04.18. /Кабар/. “Чечме-унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайында текшерүү маалында чек ара кызматкерлери башка бирөөнүн паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылган Россиянын 36 жаштагы А.С., аттуу жаранын кармашкан.

Документтерди текшерүү кезинде аял башка бирөөнүн документин көрсөткөн.

Сурамжылоо маалында А.С. толкунданып, сиңдисинин паспорту менен Өзбекстандын Сох районундагы ооруканага барууга ниеттенгенин билдирген.

Бардык тиешелүү документтер чогултулган соң, А.С., аттуу жаран КР ИИМдин аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий