• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«РСК Банк» АЧК-12 боюнча арыздарды кабыл ала баштады

Бизнес 0


Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. «РСК Банк» ААКсы «Айыл чарбасын каржылоо - 12» мамлекеттик программасынын алкагында арыздарды кабыл алуу башталганын жарыялайт.

Долбоордун алкагында фермерлерге төмөнкү багыттар боюнча жеңилдетилген насыялар берилет:
- Мал чарбачылык,
- Өсүмдүк өстүрүү.

Жеңилдетилген каражаттар жылына 10% (НПЧ 10,69%) менен 24 айга чейинки мөөнөткө берилет, кредиттин максималдуу суммасы бир карыз алуучуга 500 000 сомго чейин.

«Айыл чарбасын каржылоо - 12» долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы тескемеси менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2024-жылы айыл чарба иштерин өз убагында аткарууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.

Лиц.НБКР №033, 033/1.

Пикир

Оставить комментарий