• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Нооруз майрамында кайсы мезгилде такси чакырган ыӊгайлуу

Бизнес 0

Нооруз – бүткүл Кыргызстанды бириктирген, жазгы күн-түн теӊелген негизги жаз майрамы.

Ноорузда колдонуучулар такси менен көп жүрөт. Бул жакын туугандарды же кесиптештерди куттуктап жетишкиӊ келсе, азык-түлүк алууда жана маанилүү иштерди бүтүрүүдө абдан ыӊгайлуу. Яндекс Go кайсы маалда такси чакырууга жана жол акысынан кантип үнөмдөөгө болору жөнүндө бөлүшөт.

Майрам алдындагы таксиге суроо-талап

Ноорузга эрте камынуу керек. Эӊ алыстагы туугандарга майрамга эки күн калганда барышат жана майрам жакындаган сайын баарын куттуктап жетишүүгө аракет кылышат.

Ноорузда жаштар өз ара баарлашуу, улуттук оюндарды ойноо жана көӊүл ачуу иш-чараларын көрүү үчүн майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан жерлерге барышат. Ошондуктан чакан шаарларда дагы борбордук көчөлөр жана аянттар жабылып, тыгын болушу мүмкүн.

Качан унаа чакырган ыӊгайлуу

Яндекс Go маалыматы боюнча, майрам күндөрү жол жүрүүгө ушул сааттар ыӊгайлуу:

  • 21-март18:00 чейин жана кийинки күнү 1:00 тартып, таӊкы 4:00 чейин
  • 22-март 10:00 тартып 13:00 чейин жана 19:00 тартып 21:00 чейин.
  • 23-март10:00 тартып 18:00 чейин.
  • 24-март18:00 чейин.

Ушул аралыкта талап аздыгынан такси менен тез жана арзан жетип алууга болот.

Яндекс Go технологиясы колдонуучуларга суроо-талап жогорку кезде да таксиде жүрүүдөн үнөмдөп алууга жардам берет. Мисалы алгоритм кээде автоунааны бир аз көбүрөөк күтүүгө же сапар аяктагандан кийин керектүү жерге бир аз жөө басып барууну сунуштайт. Бул айдоочуга да ыӊгайлуу: анткени короого кирип чыгууга убакыт кетпейт жана жаӊы чакырууга тез жөнөп кетет.

Бишкекте сапарды башка жүргүнчү менен бөлүшүүгө болот, эгерде «Бирге» опциясын тандашса – бара турган жолу бир эки колдонуучу бир машинаны чакыра алат. Сапардын акысы экөөнө теӊ арзан түшөт, ал эми айдоочу эки чакырууну бир аткаруу менен көбүрөөк каражат иштеп табат.

Пикир

Оставить комментарий