• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Руслан Кагиров: бизнесмендердин өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү зарыл

Коом 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Заманбап экономика шарттарында орто жана кичи бизнес ишин кредитсиз илгерилете албай калууда. Кыргызстандын банк рыногунда бизнесмендерге займ берүү боюнча атандыштык абдан жогору. «Бакай Банктын» кредит алуучуларынын саны жыл санап өсүүдө. Мунун себеби, банктын ар бир кардарга жекече мамилесинде. «Бакай Банктан» кредит алуу эмне себептен бизнесмендер үчүн пайдалуу экенин аталган каржы мекемесинин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Руслан Кагиров менен талдап көрдүк.

«Бакай Банк» кичи жана орто бизнес үчүн кандай кредиттерди берип келет?

Биринчи кезекте бизнести өнүктүрүүгө, акча айлантуу капиталын толуктоого же негизги каражаттарды сатып алууга берилип келет. Ошондой эле биз:

  • Россия – Кыргыз өнүктүрүү фондунун кичи жана орто бизнести кредиттөө боюнча программасына,
  • Кыргызстандын өкмөтүнүн экспортко багыт алган ишканаларды жана импорттун ордун толтуруучу өндүрүштү кредиттөө боюнча программасына,
  • Күрөөлүк камсыздоосу жеткиликсиз болгон бизнесмендерге кепилдик берген гарантиялык фонд программасына катышып келебиз.

Бизнес үчүн кредиттер жөнүндө кененирээк «Бакай Банктын» сайтында

Бул кредиттерди алуунун шарттары кандай?

Негизги шарттар стандарттуу:

  • биринчиси, арыз берген учурга карата 6 – 12 айдан кем эмес убакыттан бери иштеп жаткан жана кирешеси бар,
  • экинчиси, биз займчыларыбыздын төлөй алуу мүмкүнчүлүгүн карап туруу үчүн бизнес Кыргызстандын аймагында жүргүзүлүшү керек,
  • үчүнчүсү, кредиттик ири суммаларды алуу үчүн күрөөлүк болушу керек. Мындан сырткары, биз күрөө катары жарак-жабдык, техника, ал эми айрым учурларда айлануудагы товарды күрөөгө алабыз.

Аз суммадагы кредиттерди биз күрөөлүк камсыздоосуз эле беребиз.

Кичи кредиттердин көлөмү канчалык?

Биздин займчылар 3 миң сомдон 150 миң сомго чейин күрөөсүз ала алышат. Эгер, албетте, займчыга киреше алып келип жаткан бизнеси болсо, кредиттик каражаттар бизнести өнүктүрүүгө жумшалат.

«Бакай Банктан» кимдин кредит алуу мүмкүнчүлүгү бар?

Биздин кредиттерди жеке жактар менен бирге, Кыргызстандын резиденттери болгон юридикалык жактар ала алышат.

Ишкерликтин сиздер үчүн кандайдыр бир приоритеттүү түрлөрү барбы?

«Бакай Банк» өз займчыларыбызды чектебейбиз. Биз алардын экономиканын бардык багытындагы бизнестерин кредиттейбиз. Эң негизгиси, бизнесмендердин ишмердиги мыйзамдын алкагында жүргүзүлүшү керек. Албетте, биздин банк мыйзамсыз ишкерликти эч кандай каржылабайт.

«Бакай Банктын» кредиттерин канчалык деңгээлде ыкчам алса болот?

Бул керектүү документтер менен эсептердин бардыгы канчалык тез алынып келингенинен көз каранды. Биз кичи кредиттерге берилген арыздарды үч күндөн ашык эмес убакытта караштырууга аракет кылып келебиз.

Эгер ишканада башкаруу түзүмү көп тарамдуу татаал бизнес болсо, биз андай арызды үч жумага чейин караштырабыз. Бул кредиттин бардык тобокелчилигин баалоо үчүн зарыл.

«Бакай Банктын» кичи жана орто бизнес үчүн кредиттери боюнча пайыздык чендери кандай?

Ал жылына 15%дан 25%га чейин. Бул банктык рыноктогу орточо көрсөткүч. Анткени атаандаштык абдан күчтүү. Биздин өлкөдө 20дан ашык банк бар. Алардын ар бири мыкты займчыны өзүнө алгысы келет. Андыктан, биз үчүн өзгөчө кызыгууну жараткан кардар үчүн биз кредиттөөнүн жекече шарттарын караштырабыз. Эгер займчы «Бакай Банктын» кредиттик карттарын колдонсо, бизде маяналык долбоордон кызмат алса, биздин банкта эсеп-кысап кызматын колдонсо, албетте, анда мындай кардардын шарттарын колдойбуз. Ал кардарга карата кредиттөө боюнча эле эмес, «Бакай Банктын» башка продукттары боюнча жекече пайыздык чендер жана комиссия өлчөмү коюлушу ыктымал.

Кардар эмне себептен «Бакай Банктын» кредиттерин тандоосу керек?

Биринчиден, биз анын кредитке болгон муктаждыгы боюнча абалын жекече карайбыз. Анын бизнеси өзү үчүн чыгашасыз кызмат көрсөтө алгыдай сумманы белгилейбиз. Ал үчүн бизнеске жүк болбой, анын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтө турган сумманы белгилейбиз.

Экинчиден, кредитке берилген арыздарды кароо мөөнөтү. Биз кароо мөөнөтүн азайтууга аракет кылабыз, анткени рыноктогу шарттар күн сайын өзгөрүп тураарын эске алабыз. Бизнесмендер ар бир саатын эсептешет эмеспи.

Үчүнчүдөн, «Бакай Банк» карыздарды жабуу графиги боюнча, пайыздык чендер боюнча, кредитин валютасы боюнча клиентке жеңилдик берет. Займчылар көпчүлүк учурда валюталык кредиттерди сурашат. Бул чоң тобокелчилик экенин биз түшүнөбүз, андыктан кардарларыбызга анын тескери жыйынтыктары жөнүндө айтып, түшүндүрүүгө аракет жасайбыз.

Эгер жыйынтыктай турган болсок, «Бакай Банк» бизнесменге кредит берүү менен эле чектелбестен, экперттик баасын жана кеп-кеңешин берип көмөктөшүү зарыл деп эсептейт. Кредит жабылгандан кийин, бизнесмендин өз ишин жаппастан, андан ары өнүгүп биздин өнөктөш катары калуусу биз үчүн маанилүү.

Байланыш үчүн контакттар:

6111 (мобилдик телефондон)

+996 554 00 61 11 Whats App

+996 312 61 00 61

Пикир

Оставить комментарий