• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 25 мал союучу жай убактылуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын аймактык бөлүмдөрү реестрде турган май союу пункттарга инвентаризация жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, инвентаризация Ветеринардык кызматтын атайын буйругуна ылайык жүргүзүлгөн.

"Инвентаризация башталганга чейин реестрде 93 мал союу пункт болгон, инвентаризациянын жыйынтыгы менен 25 мал союучу пунктка акт түзүлүп, эскертме кагаздары берилип, талаптарды аткарбагандыгы үчүн убактылуу жабылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий