• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Руслан Казакбаев Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы күн тартибин талкуулап, бардык деңгээлдеги кыргыз-түрк саясий диалогунун учурдагы жогорку деңгээлин белгилешти.

Жакынкы келечекте өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарына басым жасалып, алдыдагы иш-чаралардын жана пландаштырылган бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын графигин карап чыгышты.

Министр Казакбаев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүгө, долбоорлорду ишке ашырууга, эки өлкөнү кызыктырган инвестициялык фондду түзүү жана кыргыз-түрк өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги Соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын (IGC) жыйынын өткөрүү маселесине маектешинин көңүлүн бурду.

Мындан тышкары, Казакбаев Түрк мамлекеттер уюмунун жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясында (ТүркПА) кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында тараптардын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга маани берүү менен кыргыз тарап жүргүзүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий