• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Руслан Казакбаев: Германия Кыргызстандын ЕБдеги артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири

Саясат 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 29-мартында Берлин шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын Федералдык канцлеринин аппаратынын эл аралык департаментинин директорунун орун басары, Тышкы саясат жана коопсуздук тобунун жетекчиси Кристиан Аульбах менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, министр Казакбаев Германия Кыргызстандын Европа биримдигиндеги өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнө чоң салым кошкон артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи.

Эки өлкөнүн жаңы жетекчилиги астында кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүгө тараптар өз ара кызыкдар экени жана кыргыз-герман мамилелерин жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн тиешелүү документтерге кол коюунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

КР президенти Садыр Жапаров тарабынан Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды эске алуу менен инвестициялык кызматташууну күчөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул багытта аймактар аралык транспорттук-логистикалык долбоорлорду кароо зарылдыгы белгиленди.

Кыргыз-немец ишкерлер кеңешинин түзүлүшү оң жагына белгиленип, анын кыргыз бөлүгүн КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеди.

Келечектүү багыт катары энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү мүмкүнчүлүгү айтылды.

Мындан тышкары, Афганистандагы, Украинадагы кырдаалдын, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын Борбордук Азияга тийгизген таасиринин контекстинде Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Федералдык министрлиги аркылуу мурда көп тараптуу форматка өткөрүлгөн Кыргызстандагы финансылык-техникалык долбоорлорду ишке ашырууну калыбына келтирүү маселелери каралды.

Өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик органдардын, билим берүү жана медицина тармактарынын эффективдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле коррупцияны жоюуга жана «Berlin Economics консалтинг» компаниясынын Борбордук Азиядагы ишмердигинин мисалында демократиялык институттарды чыңдоого багытталган реформаларга эксперттик-консультациялык колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Тараптар ошондой эле Германияга барууну көздөгөн Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Украинадагы кырдаалды кароодо Кыргызстан БУУнун уставында жана башка документтерде бекитилген жалпы таанылган эл аралык укук нормаларын жана принциптерин сактоону, анын ичинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактай тургандыгы, коопсуздуктун бөлүнбөстүк принцибин сактоонун маанилүүлүгү да белгиленди.

Министр Казакбаев ар кандай чыр-чатакты саясий-дипломатиялык жол менен гана сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүнүн маанилүүлүгүн жана бардык кызыкдар тараптар кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде, эгерде учурдагы форматтар натыйжалуулугун жоготсо, жаңы форматтарды жана механизмдерди түзүү аркылуу издөөсү керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Россия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр куралдуу кагылышууну токтотууга жана тынчтыкка жетишүүгө багытталган өлкөлөрдүн ортомчулук аракеттери жана демилгелери, анын ичинде Германия, Франция жана Түркиянын саясий жетекчилигинин иш-аракеттери оң маанайда белгиленди. Министр Казакбаев кыргыз тараптын аянтча түзүүгө жана зарыл болгон учурда жардам көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Эскерте кетсек, министр Казакбаев Германияда иш сапары менен жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий