• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бурсада 2022-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борборунун координациялык борбору ачылды

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Түркиянын Бурса шаарында 2022-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борборунун координациялык борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин кезексиз жыйынына Бурсага келген түрк тилдүү мамлекеттердин маданият министрлери, анын ичинде КРнын маданият министри Азамат Жаманкулов катышты.

Ошондой эле ТҮРКСОЙдун бул жылдардагы ишмердүүлүгүнө арналган фотокөргөзмөнүн ачылышы болуп, түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук ансамблдеринин өнөрлөрү тартууланды.

Мындан сырткары, ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттерден келген расмий өкүлдөр Нооруз майрамына карата иш-чарага катышып, майрамдык маанай тартууланды.

Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин кезексиз жыйыны 31-мартта Бурса шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий