• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эрнест Дыйканбаев Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Эрнест Дыйканбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эрнест Дыйканбаев 1978-жылдын 27-январында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылында туулган.

Улуту: кыргыз

Билими: жогорку

1995-жылдан 2000-жылына чейин академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин инженер-куруучу адистигине ээ болгон;

2009-жылдан 2011-жылына чеийн Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу Академиясынын угуучусу.

2022-жылдын 23-мартынан тартып КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий