• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТүркПАнын XI пленардык отурумунун Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынды

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму жыйынтыкталды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, отурумда ассамблеянын укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар, социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер, экономикалык кызматташтык, ошондой эле айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссияларынын отчеттору менен сунуштамалары каралды.

Андан тышкары, Өзбекстанда жана Кыргызстанда былтыр өткөн президенттик жана парламенттик шайлоолор боюнча байкоочулар миссияларынын отчеттору кабыл алынды

Отурумдун аягында төрага Талант Мамытов баштаган ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин башчылары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн каралган маселелер боюнча маалымат беришти.

Акыркы 14 жылдын аралыгында ТүркПА бир топ ийгиликтерге жетишкенин жана жылдан-жылга беделдүү эл аралык уюмга айланып келе жатканын айткан төрага Талант Мамытов Чолпон-Ата шаарында өткөн отурумда бир катар чечимдер кабыл алынганын белгиледи.

Алсак, “Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы" деген аталыш “Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясы” деп өзгөртүлүп, ага ылайык, ассамблеянын жаңы желеги менен логотиби бекитилди. Ошондой эле Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын социалдык ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча типтүү мыйзам долбоорлору иштелип чыкты.

Андан тышкары, жыйында 2023-2028-жылдарга карата ассамблеянын стратегиялык жол картасы иштелип чыгып, Чолпон-Ата декларациясына кол коюлду. Муну менен катар ТүркПАнын Башкы катчысынын орун басары, тиешелүү комиссияларынын төрагалары жана алардын орун басарлары шайланып, катчылыктын 2021-2022-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматы берилди.

Ал эми ассамблеянын кийинки XII пленардык отуруму 2023-жылы Түркияда өтөөрү белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий