• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Түркиянын ТИМ башчысы менен жолугушту

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Элчи Багдат Амреев Түрк кеңешинин кашкы катчысы болуп шайлангандан кийин алгачкы зыяратын түрк бийлиги менен жолугушуулар алкагында Анкарадан баштады. Бул жолугушуулардын алкагында Элчи Багдат Амреев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен 2018-жылдын 12-сентябрында жолугушту.

Башкы катчы Багдат Амреев Тышкы иштер министри Мелют Чавушоглуга зыяратка кабыл алганы жана Түркия тышкы иштер министрлигинин ар дайым Түрк Кеңешин ар тараптуу колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул жолугушууда Башкы катчы Багдат Амреев Түрк Кеңеши курулгандан баштап бүгүнкү күнгө дейре аткарган иш-чаралары боюнча толук маалымат берүү менен, келечекте аткарыла турган программалар, түрк тилдүү элдердин кызматташуусунун жаңы багыттарын, бул багыттар боюнча долбоорлордун реформаланышы боюнча да пикир алышты. Жолугушууда Башкы Катчы кээ бир транспорт-логистикалык темаларга да тышкы иштер министрлигинин көңүлүн бурду.

Тышкы иштер министри Мелют Чавушоглу , Башкы катчы Багдат Амреевди жаңы кызматы менен куттуктоо менен, иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле Тышкы иштер министри Мелют Чавушоглу Башкы катчы Багдат Амреевге берген маалыматтары үчүн ыраазычылык билдирип, Тышкы иштер министри ар дайым Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык Кеңешине колдоо көрсөтүп келгенин, мындан кийин да колдоо көрсөтө берерин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Башкы катчы Багдат Амреев зыярат эстелик болсун деп министр Чавушоглуна плакет белек кылды.

Жолугушууда Башкы катчы Багдат Амреевди Башкы катчынын орун басары Др. Өмер Кожоман жана долбоорлор боюнча директор Асан Мажитов коштоп жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий