• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түрк мамлекеттер уюмунун инвестициялык фонду түзүлдү

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмунун инвестициялык фонду түзүлдү. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчыларынын ТМУнун инвестициялык фондун түзүү боюнча жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында 5-6-июлда Стамбул шаарында жогорку кызмат адамдарынын кезектеги жыйыны өтүүдө, анын жыйынтыгы менен инвестициялык фондду түзүү тууралуу келишим долбоорун даярдоону жыйынтыктоо пландалууда.

Фонддун баштапкы капиталы 350 млн долларды түзөт, ал ТМУга мүчө өлкөлөр тарабынан (Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан) бирдей үлүштө түзүлмөкчү.

Аталган инвестициялык фондду түзүүнүн максаты – аймактын ичинде сооданы кеңейтүү жана экономикалык кызматташтыкты колдоо жолу менен ТМУга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат.

КР делегациясын экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов жетектеп барды.

Жолугушуулардын жыйынтыгы менен тиешелүү келишим долбоору иштелип чыгып, ал макулдашууга кол коюуга даярдоо үчүн мамлекеттик ички жол-жоболордон өтүүгө багытталат.

Пикир

Оставить комментарий