• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин ТҮРКСОЙдун алтын медалы менен сыйланды

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегиндин 60 жаш мааракеси Анкара шаарында эл аралык деңгээлде белгиленди. Бул тууралу ТҮРКСОЙдун маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мааракелик иш-чара түрк адабиятчысы, профессор Нежие Ата Йылдыздын акындын чыгармачылык изденүүлөрүн изилдеген доклады менен башталган. Ошондой эле Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо сөздөрүн окуп берген.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дусанбай Касеинов Кожогелди Култегин бир гана Кыргызстанга эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнө таандык адабият, китеп айдыңындагы иш-чаралардын өнүгүп-өркүндөшүнө чоң салып кошкондугун билдирип, ТҮРСОЙ уюмунун алтын медалы менен сыйлаган.

Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуп Өмароглу өз сөзүндө Кожогелди Култегин бүгүнкү күндөгү Түркия темасында эң көп ыр жазган чет өлкөлүк акын катары баалады. Алар басып чыгарган «Бурса чынары» («Bursa Çınarı») аттуу түрк тилиндеги акындын экинчи китебинде Түркия темасындагы ырларды өзүнчө бөлүм катары жайгаштырышкан.

Белгилей кетсек, Кожогелди Култегиндин жети тилде чыккан сегиз китеби Анкарада басылып чыккан.

"Мааракелик иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы, КРнын Түркиядагы элчиси, КРнын эмгек сиңирген артисти, көрүнүктүү композитор-ырчы Исирадин Аманбаев, түрк ырчысы Юсуф Гүлдүн, кыргыз ырчысы Тилекгүл Абылова жана башка бир катар маданият адамдары катышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий