• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Стамбулдагы ТМКК саммитинин жыйынтыгы боюнча «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» документин кабыл алуу чечимине кол коюлду

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 12.11.21./Кабар/. Бүгүн, 12-ноябрда, Стамбулда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) катышуучу-өлкө башчыларынын сегизинчи Саммитинин алкагында президенттер. “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040» документин кабыл алуу чечимине кол коюшту.

Түрк дүйнөсүнүн көз карашы 2040 – бул стратегиялык документ. Ал түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта артыкчылыктуу багыттарда, атап айтканда, коопсуздук, транспорт жана бажы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, энергетика, туризм, саламаттыкты сактоо, экология, айыл чарба маданият, билим жана илим, жаштар жана спорт, диаспоралар менен иштөө ж.б. тармактардагы кызматташуусун тереңдетүү боюнча «жол картасы» болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий