• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түрк Кеңешинин Башкы катчылыгы “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык күнү” майрамын белгиледи

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек,27.10.18./Кабар/. Түрк Кеңешинин Башкы катчылыгы 23-октябрда “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык күнү” майрамын жана Нахчиван келишиминин 9 жылдыгын Башкы катчы Багдат Амреевдин катышуусу менен атайын сый-азем өткөрүп белгиледи.

Бул салтанатка Түркия Республикасынын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Анкара шаарынын мэри Др.Мустафа Туна, Түркия Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Йавуз Селим Кыран, 2018-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданият борбору болгон Кастамону шаарынын губернатору Яшар Карадениз, Галатасарай университетинин ардактуу окутуучусу Проф.Др. Илбер Ортайлы, Түрк кеңешине караштуу Аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү Мустафа Исен жана Феттах Айдаров, Түркия Республикасынын чет жердеги түрктөр агенттигинин (YTB) төрагасы Абдуллах Эрен, ошондой эле элчилер, дипломаттар, түрк өкүмөтүнүн өкүлдөрү, эл аралык мекемелердин жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, ишкерлер жана журналисттер катышышты. Мүчө мамлекеттердин башчылары салтанатка келе албаса да кат аркылуу Түрк кеңешине өз куттуктоолорун жиберишти.

Башкы катчы Амреев салтанаттын ачылыш аземинде түрк дүйнөсүндө кызматташууну өркүндөтүү үчүн түрк тилдүү мамлекет башчыларынын аракеттери маанилүү экенин белгилеп, аларга колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Түрк кеңеши курулгандан баштап тышкы саясат, экономика, транспорт жана байланыш, туризм, билим берүү, спорт жана жаштар багыты боюнча орчундуу иштер жасап жатканын баса белгиледи. Башкы катчы БУУнун өнүктүрүү программасы, БУУнун маданияттар биримдиги, Буунун Түштүк-түштүк кызматташуу офиси сыяктуу ар түрдүү 19 мекеме менен жүргүзүлүп жаткан мамилелердин баары орток кызматташтыктын натыйжасында ишке ашып жатат деп белгиледи. Башкы катчы 150 миллиондук эли, 4,5 миллион чарчы метр жери жана кирешеси адамдын башына 2 триллион болгон экономикасы менен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мааниси чоң экенин белгилеп, бул мүмкүнчүлүктүү пайдалануу зарыл деди. Чолпон Атада болуп өткөн Түрк кеңешинин 6.Саммитинде кабыл алынган чечимдерди аткаруу үчүн катчылык чечкиндүү иштеп жатканын айтуу менен, конокторго бул салтанатка катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Башкы катчыдан кийин сөз алган Түркия Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Йавуз Селим Кыран, Түрк кеңешинин акыркы тогуз жылда түрк тилдүү өлкөлөрдүн ар тараптуу кызматташуусун өнүктүрүүдөгү кошкон салымы чоң экенин баса белгилеп өттү. Ошондой эле тышкы иштер министринин орун басары өз сөзүндө түрк дүйнөсүнүн кызматташуусу маанилүү экенин айтуу менен башка достук мамиледеги өлкөлөргө үлгү болушу керек деп, келечекте Түрк кеңешине башка өлкөлөр да мүчө болот деген тилегин билдирди. Экономика багытын да абдан маанилүү деп эсептеп, элдердин бактылуу жашашы үчүн бул багыттагы долбоорлорго колдоо көрсөтөбүз деп ишендирди.

Түркиянын белгилүү тарыхчысы катары Галатасарай университетинин ага окутуучусу Проф.Др. Илбер Ортайлы да сөз алып, келечек муундардын орток тарыхы жана маданий мурастарын билип жүрүүсү үчүн түрк дүйнөсүндө эл агартуу жана билим берүүдө орток кызматташуунун мааниси өтө чоң деп баса белгилеп кетти.

Башкы катчы бул салтанаттын жүрүшүндө Түркия жана Казакстандан келген бир нече басма сөз мекемелерине интервью берди.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык күнү майрамы классикалык музыканын коштоосунда уланып көңүлдүү аяктады.

Салтанат бүткөн соң Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин Башкы катчылыгында иштеген кызматкерлер баары чогуу эстелик сүрөткө түшүштү.

Пикир

Оставить комментарий