• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түрк кеңеши КРдагы аза күтүү күнүнө катышып, СOVID-19дан кайтыш болгондорду эскерет

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Түрк кеңешти Кыргыз Республикасындагы Жалпы улуттук аза күтүү күнүнө катышып, коронавирус пандемиясынан улам кайтыш болгондорду эскерет. Бул тууралуу Түрк кеңешинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын тиешелүү Жарлыгы менен 2020-жылдын 30-июль күнү Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам кайтыш болгондорду эскерүү максатында Жалпы улуттук аза күтүү күнү болуп жарыяланды.

Кыргыз элинин кайгысын тең бөлүшүү максатында бүгүн Стамбулда жайгашкан Түрк кеңешинин башкы катчылыгынын имаратынын астындагы Түрк кеңешине мүчө-мамлекеттердин туулары жарым түшүрүлдү. Баардык мүчө мамлекеттердин атынан Түрк кеңеши Кыргыз Республикасына жана коронавирус пандемиясынан улам кайтыш болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, бул оору тезирээк эле жергебизден алыс кетип, Кыргыз Республикасы экономикалык жана социалдык жактан кайрадан өсүп өнүксүн деп тилек кылат. Ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттер ар дайым Кыргыз Республикасы менен тилектеш экендигин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий